жооп
- Бир нерсе жөнүндө кайрылганда же суроо берилгенде ага карата кайтарылган ой, пикир, айтылган сөз.
- Сабак боюнча коюлган суроолорго окуучулар, студенттер ж.б. тарабынан берилген баяндама.
- мат. Математикалык маселелердин, мисалдардын чыгарылышындагы тыянак, жыйынтык, корутунду.
- Өзүнүн иштеген ишине, жүрүш-турушуна, кылган күнөөсүнө ж.б. карата адамдын моюнундагы жоопкерчилик, милдет.
- Ээси тарабынан анын бир нерсесин алууга, пайдаланууга берилген мүмкүнчүлүк, уруксат.
- Каалоосу, ниети билдирилген ой, макулдук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ата-баба жолу ошол, / Жообуңду бергин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененимден жооп алып, / Калкына келди Талана, / Кара тоодой калдайып, / Барып түштү айлына, / Көк камандай дардайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арамдык кылып жүрөт – деп, / Айабай мыктап чагышты, / Эмне жооп чыгар, — деп, / Оозун тиктеп калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейитекти Семетей, / Мына бу бала ким, деди, / Эр Гүлүстөн ошондо, / Жоопту мындай жиберди: / — Сен кайып болдуң абаке, / Мен кайып болдум ал жерде, / Өзүңө маалым ашкере, / Ошол жылы жеңемдин, / Бойунда калган бала эле, / Азап менен туулду, / Ат койбой үч жыл бул турду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир аяк жарма жутам деп, Чоңколдун камчысын жегидей алым жок,— деп жооп берди берки.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →