жоондук
- Жумуру нерсенин туурасы, туурасынан алгандагы өлчөмү.
- Жоондугу билектей кайыңды кыйды («Ала-Тоо»).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…га зыйан кылбады, / Бутунан аккан сел калды, / Аны ишке салганы, / Кызыл кан агып бара албай, / Килтилдеп уйуп калганы, / Ошол кезде Кызыл кыз, / Түргөн чийдей жоондугу, / Жылан болуп алганы, / Ачайтып тилин чыгарып, / Аймап соруп жалмады, / Канча катар оп тартып, / Ордунан козгой албады, / Үч күндүк жерден тартуучу, / Мындай …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Салаа-салаа бутагы, / Бир бутактын жоондугу, / Жетпеген адам кучагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көргөн адам таң калар, / Сонун иши дагы бар: / Түргөн чийдей жоондугу, / Сойлоп барат ажыдаар, / Айкөл шерге учкашкан, / Аркасында бир кыз бар - / Өзү жандан узун кыз, / Өңү айдай кызыл кыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алып келген болучу, / Жоондугу жыгачтын, / Алты кучак толучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Түрү суук жалгыз көз, / Жоондугу он бир кез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →