жоомарт

китептерде 45 жолу, 4 китепте
  1. Март, берешен, колу ачык.
  2. Бай, колунда бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жедигердин Каракөз, / Коросондун Салаасы, / Испандан Тете кошулуп, / Асыл менен алышып, / Каны агып жошулуп, / Заманды, Жоомарт, Буйтуна, / Хан Сакычак, Илебин – / Беш баатыр өлүп мултуйуп, / Көкбөрүгө кошулду, / Кылмышкер болуп култуйуп, / Олтурган экен Көкбөрү, / Көгөрүп бети тултуйуп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Амалы артык илегер, / Акылга жоомарт кеменгер, / Ал Алмамбет баатырды, / Ар кандай айтсаң эп келер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдындагы Бакайдан, / Тескейдеги Гүлчоро, / Теке жоомарт арстандан, / Алардан кабар алалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тигил зөөкүрлөр эки бечарадан Жоомартты жулуп алып кетишет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Жоомарт Адил ханга болгон окуяларды айтып берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →