жоолук
- Аялдар башына салынуучу ар түрдүү төрт чарчы кездеме же токулган оромол.
- Белге курчана турган төрт чарчы кездеме, кур.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Перилердин баашасы, / Нурзат келип жолукту, / Ала келди колуна, / Адимиден жоолукту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арданган Күдүк алайып, / Ачуусу келип карайып, / Энтиге түшүп дем алсаң, / Текечердей танайып, / Энтелей басып алыптыр, / Жоолугун алып колуна, / Терин аарчый салыптыр, / Таң кашкайган маалда, / Алмамбетке барыптыр, / Күдүктү көрүп Алакең, / Айран азыр калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чачыкейди караса, / Мас болгондой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын кар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жанындагы жоолугун, / Сууруп алды колуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Казынын башындагы жибек жоолугуң алып жаман чүпүрөктөрдү ороп койду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →