жоола
- Касташуу, душманын чаап алуу, жоосу менен согушуу, салгылашуу, душмандашкан, араздашкан абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жоомарттык кылып эл бактым, / Жоо жооладым, кан чачтым, / Кас душмандан кагылып, / Карып болуп мен жаттым, / Кара жаның дем албай, / Карчылыкты не тарттың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ошондо «Сары орустун баары орус» деп, орус аттуунун баарын жоолабай, элүү жыл эзген залим падышага, андан калса көпөс байларга каршы чаппады беле?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →