жоокер

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Жоолашкан уруштун, согуштун катышуучусу, солдат, аскер кызматындагы адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асабасы калкылдап, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Кең багалек буулум шым, / Үзөнгүдө шалпылдап, / Кылыч кында шыңгырап, / Ай балта белде жалтылдап, / Найза колдо зыңырап, / Аргымак аттар алкылдап, / Жоокерлердин жүрөгү, / Токтоно албай балкылдап, / Шалкыматтын жолунан, / Миң киши чыкты атышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жолоочусу бул болсо, / Жоокери анын ким болот? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ата-бабам мурасы, / Болгон соң мага муракы, / Жоокерлүү күндүн куралы, / Ээсиз калдың кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жоокер кары болбоду: / “Менден бата алганда, / Беш болобу бир жаның?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жасаган кудай кыргызды, / Жоокер кылып эзелтен, / Карап турду Сомбилек, / Ач кайкалаң кезеңден, / Учурап калды бир киши, / Араң басып теңселген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →