жоокалат
- Алаксытуу, бир нерсени түз, туура айтпастан чаргытуу, тайсалдатуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жоокалатпай чыныңды айт, / Боло турган сырыңды айт, / Бултактасаң кеп жасап, / Силерге даба табылбайт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жоокалатып уйалбай, / Бооолук салып, тор таштап, / Кармаймын деген нээтиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атынын көрдүм бар жайын, / Адырга келсе сайышып, / Айанбастан салышып, / Алдынан тосуп алышып, / Көп амалды кылайын, / Жоокалатып турайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жоокалатып кеп сурап, / Жоо бөрүсү Гүлүстөн / Мунун жүрөгү канча — деп, — сынап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жоокалатып Байтерек, / Жолоочуну ээрчибей, / Жолобостон кетсек, деп, / Бөлүнүп калдым айрылып, / Белеске чыктым бул жерде, / Түз басып үйгө кетерге, / Кете албай жолум тордолду, / Жолдошум бала бул болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →