жоодура

китептерде 14 жолу, 5 китепте
  1. Жадырай сүйкүмдүү кароо, көзүн бажырайта жагымдуу кароо, көзүнөн нур жайноо.
  2. Жадырап-жайнаган көрүнүштө болуу.
  3. Үмүт, тилек кылгандай, таңдангандай жалооруй, телмире кароо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суудай чалкып май агып, / Касиеттүү нечен бай, / Чаначтай болуп чардайып, / Он эки ором элечек, / Оң чекеде кыйшайып, / Олтурат кемпир чалкайып, / Башында кундуз тебетей, / Кыздар басып суйкайып, / Жоодурап көздөн шам жарып, / Келиндер турат суйсалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачакандын кошууну, / Абдан жайын билгиниң, / Жоодурабай жооп сурап, / Өз жолуңа киргиниң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дүрүйө көйнөк шоодурап, / Караса көзү жоодурап, / Аркардай басып чойулуп, / Алагар көзү койулуп, / Агеркеч жетип артынан, / Буларды айтып таңшыган: / — Ач арстан, жолборстой, / Атка минип алыпсыз, / Арзан жумуш болбостой, / Айрылыш жолго салыпсыз, / Атадан бала таранчу, / Ардыгып кайда баруучу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лүп жаркылдап, / Капасы жок сүйүнүп, / Канкордун жүзүн көргөндө, / Кадиги жок ойунда, / Каары катуу баатырга, / Салам айтып турду эми, / Не жумушка киргенин, / Жоодурап айтып турду эми: / — Кечээ келген болучу, / Кербенчиден беш киши, / Эртең менен келиптир, / Дарбазага үч киши, / Кеби барбы айтарга, / Көрүшмөк экен сиздерге, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аркардай көзү жоодурап, / Жез коомуздай шаңкылдап, / Мас болгондой шалкылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →