жоогазын

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Кызгалдак формасындагы кооз гүлү бар, түбү пияз баштуу өсүмдүк, мандалак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Козу кулак, жоогазын, / Балжууран, ышкын, кемирчек, / Кымыздык менен бээ эмчек, / Кончуңа толуп бастырбай, / Куйулуп жатат жөргөмүш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кара чөп менен айуу чач, / Жоогазын менен мандалак, / Канчасы турат самсаалап, / Козу кулак бээ эмчек, / Кымыздык менен кемирчек, / Жерди көрүп таңданып, / Ээсиз жаткан кур калып, / Кан Манас кой… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Саздуу жери кемирчек, / Жылгалары бээ эмчек, / Козу кулак, жоогазын, / Анын баары тамак дейт, / Жапа мыйаз, зардеги, / Согон менен кымыздык, / Төө таман менен чымылдак, / Табылып калса талаадан, / Сүйүнөт кытай жымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кымыздык менен бээ эмчек, / Башын ыргап теңселет, / Жоогазын менен мандалак, / Төгүлүп жерге самсаалап, / Козукулак, кемирчек, / Толуп жатат канчалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →