жоо

китептерде 713 жолу, 10 китепте
  1. Талап-чаап, согушуп кирген душман, кас тарап.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сен шибенин ханы Йобалы, / Мен каракыргыз Бактыбай, / Урушса өзү урушпай, / Жоолашса өзү жоолашпай, / Ооган менен испанды, / Кангайдагы беш ханды, / Айдап жүрүш ал кандай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жоо келсе жолдон качпайлы, / Жүйөөсүз сүйлөп азбайлы, / Алайып бизге келбесе, / Ат бастырып барбайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Акбалта уулу Чубакты, / Жоо бөрүсү чунакты, / Он миңче торчу топ болуп, / Тегеректеп тап койуп, / Эки балбан ороңдоп, / Бир пили желип тороңдоп, / Ортосуна алыптыр, / Ыкыс берип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ — Аттанып чыксам акжолтой, / Аркамда жүрсөң сан колдой, / Эмишкен эмчек тууганым, / Өрнөккө чабаар бууданым, / Жоого салаар балбаным, / Беттешкенде алганым, / Берекелүү бек айбат, / Белдүү Гүлүс арстаным. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жата берсин,— деди жоош гана. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →