жонунан

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Үстүртөн, сыртынан, бирөөнүн эсебинен, жалпысынан, жалпы үстүнөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Хан Мамайдан Карахан, / Карахандын эки уулу, / Калаш хан менен Огуз хан, / Калашкандын балдары, / Жети вазир, беш балбан, / Сегиз уул өзүнөн, / Кырк жүзгө булар кошулуп, / Алтымыш уруу калаш деп, / Калаш аты кыскарып, / Айтып калды жонунан, / Алтымыш уруу алаш деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кулдуңдап бала жөнөдү, / Жону ооруйт кан какшап, / Ийни ооруйт зыркырап, / Кан аралаш сары суу, / Жонунан агып чыпылдап, / Жаман урган калмактар, / Тал чырпыктап шыпылдак, / Жете барды үйүнө, / Желе басып шыпылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кечири кемик кесилип, / Жонунан аккан каны бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мына мында бир моюну күрсүйгөн күрөң бука жердин астынан унчуккандай алда кайдан күңгүрөнүп келип, боштондукка семирип, жерди челип, күчтүү буту менен топуракты жонунан алыс чапчып ыргытып турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жонун сууга салды эле, жонунан үркүп мойнуна барды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →