жондон
- Көтөрүлүп, көбүңкү тартып шишип чыгуу.
- Жон-жон болуп, жон сыяктуу көрүнүү.
- Жон алуу, семире баштоо, эттенип семирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Түндө чыктым көп колдон, / Бир кишиге жолуктум, / Тээ өөдөкү кайкы туу жондон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элкин бара жатканда, / Эгесине жалбарды, / Жондон көргөн белгиге, / Бет алып жолго салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ушинтип, ойлонуп отурдук да бир кезде жондон түшүп келдик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Арадан он беш мүнөттөй убакыт өткөндө кылыч мылтык асынган шыңкыйган сур кийимдүү карагер атчан бирөө так маңдайыбызда бир жондон чыга түшүп, биз жакты карап атын ойдолоктотуп токтой калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– деп, арабанын ээси баланы катуу каарып, камчысы менен жондон ары тартып жиберди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →