жондо
- Жон аркылуу өтүү, жон менен жүрүү.
- Жонунан, сыртынан пайдалануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Боз жондо жатып Каракөз, / Турнабай салып карады, / Кыргыз экен тааныды, / Аккан сууну бойлогон, / Топ болгон токсон адамды, / Кыйа тартып караса, / Жайнаган кошуун келатат, / Жайылган жазы талаада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Калканы жондо калкылдап, / Кылычы белде жаркылдап, / Маңдайында эки көз, / Тоо кагындай жылтылдап, / Алты маңгыт тойгундай, / Эки бети чочконун, / Тай торпоктой бултулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…бырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейитиге сыйкыры, / Өтпөгөндө шум канчык, / Телкүрөңдү кастады, / Арканча кастык кылса да, / Атка алы келбеди, / Сыйкыр өтпөйт Сейитке, / Асылуу жондо жаркылдап, / Алмамбеттин белеги.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Желип кетти Канчоро, / Суркойон алда шалкылдап, / Сырнайза колдо жаркылдап, / Аккелте жондо жалтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →