жон1
- Дененин кыр аркага тушташ келген далы жак сырты, малдын, айбандардын кыр тарта жондонуп кеткен арка бөлүгү.
- Тоонун же дөбөнүн кыры, жумуру тартып кеткен үстү жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ушакчы болбо, ургаачы, / Ууру болбо эркегиң, / Жон сомоос уңгусу, / Ушул айтаар бар кебим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…гүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Андан бери карасам, / Кара тоо турат калкайган, / Жондор-жондор дүңкүйүп, / Кыраандары арсайган, / Ортосу саргыч көрүнгөн, / Тоолору турат жалпайган; / Андан да бери карасам, / Катар-катар тамы бар, / Калың эмес, жок эмес, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үч жүз жылкы, беш жүз кой, / Туур жабары кырк бир төө, / Ушул болсун ырымың, / Инек уйдан элүү ал, - / Жигитине буйурду, - / Музой байдын жонуна, / Төрт жүз тилла алгамын, / Дейилданы жаба сал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Капырлар жыйып өлүгүн, / Сары жон кылып үйүштү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →