жомокчу
- Жомок айткан, аны кызыктуу кылып элге жеткирген адам, манасчы да жомокчу болуп саналат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…айдай чеченди, / Олуйа Кошой, Музбурчак, / Алп Төштүктөй неченди; / Жакып хандай кеселди / Каныкейдей жесирди, / Семетейдей жетимди; / Баштан-айак калтырбай, / Жомокчу айтып билдирди, / Кээ кезинде элдерди, / Сагызгандай күлдүрдү, / Кээ кезинде элдердин, / Алтымыш алты тамырын, / Зыркыратып күйдүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
эзилтип, / Эт жүрөгүн жетилтип, / Түйүлгөн жерин чечилтип, / Алып келип айагын, / Бекбачага бекитип, / Атагын атап таласка, / Арбагы азыр Манаска, / Отуз алты жомокчу, / Улап айтып токтолду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Камбардын зайбын бак, деди, / Кантай болду энеси, / Жомокчу Азгаш айткан кеп, / Камбардын уулу дегени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жонуна темир кырдаган, / Жомокчулар ырдаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →