жомок
- Ойдон чыгарылган, окуялары апыртмалуу, фантазиялуу түрдө көрсөтүлүп, баяндоо иретинде айтылган элдик оозеки чыгарма.
- Ушундай мазмундагы адабий чыгарма.
- Чындыкка жатпаган, ар кандай апыртмалуу баяндама, кеп.
- Элге-журтка кеңири белгилүү болуп, көп айтылып таралып кеткен кеп, окуя, кабар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыттардын хан Калдык, / Каракөзгө каарданып, / Акырайа бир тиктеп, / Турумбекке бет алып, / Кездемдин боосун чубалтып, / Кезкерип найза чунайтып, / Карасурду камчылап, / Качырып кирип барганда, / Акырыгы таш жарып, / Бактыбай жетти аңгыча, / Бактыбай, Калдык бет келди, / Баштан-айак жомок ыр, / Байыркынын кептери.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жолборс Манас өзүнөн, / Жомогунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көргөнгө кызык дүмөктүр, / Кийинкиге жомоктур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өмүрдө түгөткүс бир жомок болуп жатты...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →