жолчу
- Жол куруучу же жол кызматында иштөөчү адам.
- тар. Почта жолунда иштөөчү, жолду тазалоочу, оңдоочу жана кирекечтерге жардам берүүчү адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дарбазада жолчуга, / Жарлык кылды Дабытай, / Бачымыраак түшүр, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жон сомосун алганда, / Эки жүз ашкан киши экен, / Бештен адам бир чатыр, / Катчы, жолчу, чайчысы- / Үчөө мында бир жатыр, / Бир чатырда өзү бар, / Үч чатырын ээн койду, / Колу жетик Токтобай, / Куржунга салып пул алып, / Кагазы менен чай алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жолчунун чоңу укканда, / Салбоордо жаткан Чоң дөөгө, / Кабар айтып барышы: / “Эшикке келди алты жан, / Бирөө биздин адамдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бирок ушулардын ичинде он жылдан бери турган жолчулар да бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →