жолук

китептерде 230 жолу, 10 китепте
  1. Кезигүү, жүздөшүү, учуроо, кездешүү.
  2. Дуушар болуу, кез келүү, туш келүү, чалынуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каарданып хан Жанай, / Жүз элүүчө киши алып, / Чаңбейсенден аттанып, / Ингенге жете барыптыр, / Жолукканды жолтолоп, / Бу да талап алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
деп акырып, / Менмин деп бирөө баралбай, / Баарысы келди жабылып, / Чигитейден кеп угуп, / Өлбөй тирүү кет десе, / Ырыска калды жолугуп, / Манжу менен кытайдан, / Калмакта таңгыт бөлүнүп, / Жанупту карай бет алып, / Чубап жолго салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Токойго бала барыптыр, / Топ-топ жүргөн кырк бала / Жолугуп буга калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керменбайга жолугуп, / Айтып турат ал бала: / — Эр Сейитек баатырдын, / Ырысы өтө чоң экен, / Тосолгосу жок экен, / Ачык жолу шар экен, / Алган зайбы бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал бир күнү мага көчөдөн жолугуп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →