жолу
- Кайталануу ирети, мертебе.
- Белгилүү бир мезгилде, учурда.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ата-баба жолу ошол, / Жообуңду бергин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өчөшүп кууп алыптыр, / Көрүп турган оогандык, / Келе жаткан жолуна, / Жер торду көптөп жайыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Керменбайга жолугуп, / Айтып турат ал бала: / — Эр Сейитек баатырдын, / Ырысы өтө чоң экен, / Тосолгосу жок экен, / Ачык жолу шар экен, / Алган зайбы бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Замбирек күрсүлдөп жана бир эки жолу атылды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эки жолу жыкканда кыз таажысын тартып жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →