жолтоо
- Кандайдыр бир ишке, иштин, аракеттин аткарылышына, максаттын жүзөгө ашырылышына карата болгон тоскоол, каргаша, кесепет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Албаса да Калдыгың, / Жолтоо катын кылат, деп, / Алтымыш уруу алашка, / Угулуп калса уйат, деп, / Көзү кыйбай алганым, / Мага окшогон жалжалым, / Соодагер болуп келгенбиз, / Чаңбейсенге барарда, / Эримди үйдөн Курчун хан, / Аскерге алды айдатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Бул жоболоңдуу чал эле, / Жолтоосу кыйла бар эле, / Жоголуп кокус кетер, — деп, / Жолтоосу мага жетер, — деп, / Калабалуу чал эле, / Калбасы кыйла бар эле, / Качып кокус кетер, — деп, / Калбасы …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мен билгенде таң менен, / Күндөн мурун саар менен, / Куткарбас чыгат акырып, / Башкабызды теңсинбейт, / Атыңан айтып чакырып, / Алы келбей калганда, / Качып берет далбаңдап, / Он балбандан үчү өлдү, / Жети жерден жол тосуп, / Жолтоо кылат дардаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ардык алсын оолукпай, / Убара болбой үч күнчө, / Жолук кылып мени алдап, / Жолтоо кылат дебесин, / Чоочуркабай Сомбилек, / Чогулган элге маа келсин, / Болголдуу күнүм бүткөнчө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
– Сен менин буттарыма жолтоо кылып, тез чуркатпай кармап жаткан турбайсыңбы.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →