жолтой

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Бакыт, жакшылык алып келүүчү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак жолтой ата, батаң бер, / Аттанып жолго салайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жолойдон кийин мен барам, / Ак жолтой алсаң сен кадам, / Чоң Көкө теңир колдосо, / Чубакты сайып мен алам, / Мурадил, Уушаң, Сайкалдын, / Кимиси болсо барганы, / Качырып тийет тура албай, / Хан Жакыптын Сыргагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайыпчыга барды, де, / Ак жолтой тууган Кара дөө, / Семетей таап алды, де, / Эки күн жүрдү жалынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бастырып чыкса ак жолтой, / Баатырдыгы билинип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ак жолтой өзү,— деп катыны кеп салып отурар эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →