жолсуз
- Өтүүгө жолу жок, жол салынбаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Манастап ураан чакырган, / Жолсуз элге катылган, / Жолуң болгур сен кимсин, / Деп сурады Сейтектен, / Шер Сейтек анда кеп айтты: / — Кылымга атам тайындуу, / Кытайдан бери таанылды, / Жолсузбу менин айтканым, / Чаап алам деп жөнөсөң, / Ала турган зайбымды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сүйүнчү сага чунагым, / Алты тулпар, олжо алдым, / Жолсуз кепти салбайын, / Калганын өзү кеп салсын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Коёндор жазатайым качып калган учурда жолсузга салбаса, көбүнчө өздөрү жасап алган белгилүү жолдору менен жүгүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Биз төмөн карай кирип, калаанын аягында бир ээнге чыккандан кийин, жолсуз жер менен туура батышты карай салдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →