жолоочу
- Жол жүргөн, сапарга чыккан адам, жүргүнчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баш байлабай барбаймын, / Барсам алат да бирөө, / Жолоочу катын дедирип, / Ал атакка калбаймын, / Жообуңду уксам айткының, / Кулакка чакпас кеп болсо, / Өзүмдү өзүм жайлаймын, / Канжар салып кардыма, / Тимеле өлүп калбаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жолоочу жүргөн кишиңе, / Жолдо ыргыта сайдырып, / Арданып турам мен, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жолоочубу, болбосо, / Жообун алып билели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жолоочу бир кезде колу менен башын коргоюн деди эле:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жети жыл бою жолоочулардын бардыгын багып, кийим, оокат менен камсыз кылат,
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →