жоло
- Жакын келүү, жакындоо, байланышта, өз ара катышта болуу, ошол айланада болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Изчиң угуп тур, — деди, / Четке чыккан кыргыздын, / Чындап изин куу — деди, / Төлгөчү салгын төлгөңдү, / Жашырбай айткын көргөндү, / Далычы, далың карагын, / Мергендер камда саадагың, / Четке чыгып тургула, / Жолобой элге балбаның, / Кыргызга келген ким болсо, / Киргизбегин албарын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Канчоро ичтен бузулду, / Ошондо далай кысылды, / Жедигердин элинде, / Жетисуунун жеринде, / Сейтек андан туулду, / Кыйазды жакын жолотпой, / Аташканы Айчүрөк, / Албарсты болуп кубулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арууке жүгүн жүктөгөн, / Анын нары эки жүз, / Манастын нары эки жүз, / Соогага келген ар кайдан, / Сырттан келген хандардан, / Чиркеп туруп беш жүздү, / Самарканга жолобой, / Таласты көздөй чубатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атайлап барып кол салып, / Башка элди колотпо, / Кара санаа душманды, / Калкыңа жакын жолотпо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айылына жолобой, / Жүрүп кетти, Канчоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →