жолдуу
- Узатасынан тилке-тилке түшүрүлгөн жолу, изи бар, сызыктуу.
- Олжолуу, олжосу бар, жолу болгон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөрү жолдуу Бөгө уулу, / Ырчы, Бозуул ыктуусу, / Чатырды сактап турушту, / Бу тайманбас жоодон мыктуусу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…тти деп угуп, / Чантуудан олжо алганы, / Мен дагы чыктым оолугуп, / Чылбырын сүйрөп Күрөң ат, / Алдыман калды жолугуп, / Келайткан элем жетелеп, / Алганым муну жолдуу деп, / Алгачы ырым болду деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жүргүн, баатыр, жүргүн — деп, / Алып кетти Манасты, / Акырын айтып жолдуу кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жооп берди Сейити: / — Сурарың жолдуу сеники, / Кетеби деп сен мени, / Кейигенсип муңайба, / Атаңдын шарты көп экен, / Арбын жумуш быйакта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жолдуу качан чаласың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →