жолдук

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кандайдыр бир иш, кубанычтуу кабар, жакшылык үчүн берилген белек, сыйлык.
  2. Жолдо, жол жүргөндө керектеле турган, жолго керектүү (тамак-аш, кийим-кече жөнүндө).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нескара, Коңур сүйлөшүп, / Кошулуп Жолой бирлешип, / Калгандары дүүлдөшүп, / “Алп Коңурдун жолдугу, / Аны бизге бер” — дешип, / Кеп чекесин чыгарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак жолуна чороңдун, / Алтындан жолдук чачтырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ал эми Наабат эки күндөн кийин барса, эки агасы жолдук азыгы түгөнүп, малдын кыгын талашып жатышкан экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →