жолдош-жоро

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Бирге жүргөн, бирге иштеген, жолдошчулугу бар теңтуштар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жолдош-жоро кишиңди, / Таң аткыча уктатпай, / «Уу» дегин деп зордойсуң, / Көзүңө жакшы көрүнсө, / Бата берем сага деп, / Элге чапан койбойсуң, / Мунуң жакшы иш эмес, / Чалмага берген жан салып, / Жараткан кудай сен эмес, / Жеңдей сары бала деп, / Айтуучу киши мен эмес! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мурун ичкен буудай жейт, / Кийин калган суу ичет, / Аз-аздан жеген арбын жейт, / Ашыккан иш жаман дейт, / Азыркысын баатырың, / Жолдош-жороң аман, — дейт, / Боло албаган бир жумуш / Артынан куубай барам деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атың менен өзүңдү, / Жолдош-жоро кишиңди, / Көтөрүп алам жонума, / Бүтүрөмүн ишиңди, / Баатыр Манас тукуму, / Кыйналган азап торунан, / Эки сапар куткардың, / Өмүрүм өтүп кетер де, / Балама керээз кылайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →