жолдош

китептерде 164 жолу, 10 китепте
  1. Сапарга бирге чыккан, бирге жол жүргөн адам, жанында кошо болгон адам.
  2. Көңүлү, пикири жакын, бири-бирине күйүмдүү, бирге жүргөн таттуу, ынак адам.
  3. Аялы же күйөөсү.
  4. Коомдун граждандарына кайрылууда, өлкөлөрдүн гражданини экендигин белгилөө иретинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жабдынып калды Сейитек, / Орусханга барам, деп, / Аңсаганым Гүлнарды, / Алып келе калам, деп, / Кайнатам Орус баласыз – / Эркек уулу жок экен, / Учурашып жанам, деп, / Каргалдайды баш кылып, / Жолдош алды үч киши, / Гүлчоронун Акбала, / Аны алып жанына, / Аттангалы жатканда, / Кабарга келди бир бала. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мингени болсо Суркоен, / Чынкожо болсо жолдошу, / Учуп жүрүп асманда, / Алдырып ийип өлүптүр, / Жерде жүргөн арстанга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Мен өз антым боюнча үч жолу сүйлөткөн кишинин айтканын аткарып, кызматын кылам, мындан ары буга аял болбойм, өмүр бою кызга жолдош болуп кызматын кылам, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →