жолдо
- Бирөөгө же бир нерсеге карата багыштоо, багыт алдыруу, арнап жөнөтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…бүрөшүп жатканда, / — Келе бери арканды, / Мен сүйрөтүп кетем, — деп, / Кесилет чочко айтканда, / Үнүн угуп Кененим: / Семетей бабам колдо, — деп, / Абам Гүлүс жолдо, — деп, / Карыйа Бакай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк энем канаке, / Жаадыма түштүң силер,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кытайлардын адамы, / Арбын болот амалы, / Кытмыр Коңур сыйкырлап, / Укмуш кылып салганбы, / Башка жолдоп баралы, / Анан чалгын салалы, - / Башынан билбес кишиче, / Башка жакка бурулуп, / Бастырып Алмаң калганы, / Киши көрүп койот, деп, / Эр Чубакты Алмамбет, / Бир…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жоболоң салбай темтеңдеп, / Жолдоку элден, сурап кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жолдо баратып, Бурмакенин өлө элегинде «атаганат, эч болбосо Көлгө жетип өлсөк арманыбыз болбос эле» дегени оюма түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мындан ары жүрүп олтурсаңыз, жолдо бир жагында көп киши, бир жагында беш киши эки тарап болуп согушуп жатканын көрөсүз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →