жолбун

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Жолдон, кошулган, чоочун, башка жактан келген, бөтөн, адашып жүргөн, кайдан экендиги белгисиз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сулайматты жоготуп, / Балыкчыны хан шайлап, / Жети баштуу желмогуз, / Жолбун иттей аны айдап, / Өткөн экен Сейитим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Төбөй деген балбаны, / Калдагай кулак Чойун алп, / Канча жылдан бер жакка, / Ардактаган айбаны, / Бөлүнүп сапта коройуп, / Төбөй чыга калганы, / Жолум үйдөй башы бар, / Жолбун иттей кашы бар, / Ач жолборстун тиши бар, / Анын кыйла иши бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өз атасы Кененим, / Кызыл алпты баш кылып, / Жети дөөнү курутту, / Жетим кылып өзүңдү, / Жолбун иттей улутту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бөксө жолдо баратат, / Бөлүнүп бала санаасы, / Жолунан чыкты арсылдап, / Жолбун итти карачы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мен Жолбундун коюн айдашып кийин калгамын. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →