жолборс

китептерде 500 жолу, 9 китепте
  1. Жол-жол темгилдүү, мышыктар тукумуна кирүүчү чоң жырткыч айбан.
  2. өт. Баатыр, эр жүрөк, эч нерседен коркпогон, тайманбас.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— деп, / Жолборс сындуу Бекбача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеңкуланы чалдырып, / Бир кудайга жалынып, / Качан келет Талана, / Шашып турат Кененим, / Ач жолборстой чамынып, / Талананы көргөндө, / Таакаты калбай ачуудан, / Бузулган күндөй бүркөлүп, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагын чытып түмпөйүп, / Талана келди аңгыча, / Көпкөк темир чүмкөнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…н алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган кара тоо, / Качпай Сыргак бет алып, / Кайнаган курттай чогуудан, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда Бакай кеп айтат: / — Акылга айбан болбоду, / Айтканды алып оңбоду, / Хан Сейитек жолборсту, / Өз нээтиндей ойлоду, / Алдын алып тосоттоп, / Эр Гүлүсүм торгоду, / Сүйлөр киши жок болсо, / Мага бергин суракты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолборс бир түлкүнү кармап алат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →