жол-жол

китептерде 14 жолу, 4 китепте
  1. Катар-катар кеткен тилке, узатасынан, тилкеленип кеткен сызыктуу из.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Тобун бузбай талкалап, / Самандан бетер сапырып, / Суудай канын агызып, / Сабын бузбай сулатып, / Беттеп сайып беш-ондон, / Утур келген кишини, / Томолотуп жол-жолдон, / Найзакерди сандалтып, / Сапырып кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айы-күнү болжолго, / Урчуктун сеңир дегенге, / Бир күнү келип чогулду, / Туш тараптан жол-жолдон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жол-жолго таштап кетемин, / Абышка-кемпир карганын, / Шилисин көзөп тал-талга, / Илип кетем балдарын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коросон колу коргонго, / Испандын эли тоолорго, / Кесилет баштап келгендер, / Каптап кирди жол-жолго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Керней тартып нечен сан, / Келген байрак, асаба, / Кызылы аз, көгү көп, / Жол-жол болгон алача, / Баш кишиси Нескара, / Жанында дөөлөр бир канча, / Сарала байрак желеги, / Анын арка жагынан, / Мурадил колу келди эми; / Түшүп орун алганча, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →