жол1
- Катташуу, аркы-терки жүрүү үчүн пайдаланылуучу тилке жер, ар кандай транспорттун өтүп турган белгилүү бир багыты, жери.
- Сапар, саякат, жолоочулук.
- Келе жаткан багыты, бара жаткан алды жагы.
- Бир нерсенин өнүгүшү, ийгиликке, жеңишке жетиши үчүн болгон идея, багыт, аракеттин багыты, жөнү.
- Белгилүү бир максатка жетишүүнүн же кандайдыр бир иштин орундалышынын ыгы, амалы, методу.
- Китеп бетиндеги саптар, кагазга же башка нерселерге түшүрүлгөн жазуу саптары.
- Тилке-тилке болуп түшүрүлгөн катар сап, тилке-тилке же сызыктуу из. Тилке-тилке жолу бар.
- Мүмкүнчүлүк, укук.
- Үрп-адатка, салтка байланыштуу болгон шарт, ирет.
- Сый кылып берилген белек же салт катары бир нерсе берип сыйлагандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Кош, эмесе,” – деп айтып, / Кол тартышып Жакып бай, / Аттанып жолго салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оболбек менен Сетертай, / Төрттөн киши койгун деп, / Оргу-баргы чоголдон, / Ошондой киши болсун деп, / Чоголдон таап сегизди, / Таманын жерге тийгизбей, / Айдатып жолго киргизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →