жокчулук

китептерде 8 жолу, 2 китепте
  1. Кедейлик, колунда жоктук, жардылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кедейлерди бир жагынан жокчулукка учуратып, түгөтүп бараткандар ушулар эмеспи? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Нечен кайгылуу кара күндөрдө жокчулукка чыдап, ушул жерге бизди сүйрөп жеткирген Бейшемби эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мындан бир жыл мурун кытайдан азып-тозуп келген качкын кыргыздар мында келип, андан бетер адам айткыс жокчулукка кабылып, ачарчылыктан кырылганын, орустун жоондорунун колунан өлгөнүн айтышты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Балдан ширин - жигиттин алган жары, таштан катуу - жокчулук, жокчулуктун зары. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →