жойло

китептерде 39 жолу, 8 китепте
  1. Жем издеп шимшип чыгуу, кандайдыр бир нерсе издей аралоо, кыдырып аралай жүрүү.
  2. Ар кандай майда аңдарды жыты, изи боюнча издеп табуу, издөө (итке карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алты боосу үзүктүн, / Аруулап соккон термеден, / Жазылыгы төш жары, / Тегиричи дейилда, / Кермеден кетпей жергелеп, / Ат котолоп айылда, / Тегеректеп желеге, / Жылкы жуушап калганда, / Туйактанып баса албай, / Жөө киши барбай айылга, / Жойлоп барган ит тийбей, / Төгүп салган майына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тиги турган желмогуз, / Ойду-тоону жойлоду, / Элдин малын койбоду, / Малдан бетер титинбей, / Ата-энесин сойгону, / Жыландай арбап соргону, / Тийишпесе ким билет, / Мундай канчык көп жүрөт, / Качып сага келген бейм, / Жалган айтып маана издеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эрдиктин жолу ар кандай, / Батыш менен түштүктү, / Жойлойт белең Сарыбай, / Утур келген адамды, / Кордойт белең Сарыбай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Түлкү талаада жойлоп жүрсө, ит ээрчиткен аңчылар көрүп калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →