жойболот

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Жок кылуучу, талкалоочу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Сом темирин артынып, / Бүтүн соотун кийейин, / Төрө Сыргак жолборстун, / Сырбараңын алайын, / Кырда турган жоо болсо, / Кыр көрсөтүп барайын, / Атамдан калган Жойболот, / Айыгышкан душмандын, / Агып каны суу болот. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сүйрөгөн менен Дабытай, / Эл аралап баралбай, / Эптеп тордон чыгалбай, / Жетип келип Орунбай, / Башын кыйа чабам, деп, / Жойболот менен чапканы, / Таамай башка чабалбай, / Торго чаап таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көрүп муну Алмамбет: / “Абам Кошой жетер, — деп, / Кылчайып кылыч шилтесе, / Дөөлүгү анын бекер-деп, / Кый сүбөдөн жойболот, / Кыркып чыгып кетер” – деп, / Арстан Алмаң ашыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жойболот деген кылычты, / Жулуп колго алыптыр, / Жолугуп калган немесин, / Жол бойуна жарыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колумда туруп Жойболот, / Кутказып ийдим душманды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →