жогот

китептерде 134 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсени жоголгон абалга келтирүү, таппай калуу.
  2. Сарп кылуу, түгөтүү, түбүнө жетүү, чыгымдап бүтүү.
  3. Ажыроо, айрылуу, учуру өтүп кетүү.
  4. Кыйратуу, жок кылуу, жоюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылбаса ал чогоолдук, / Таласка киши бастырбай, / Тойгузбай туруп кыргызга, / Хотен, Жерген, Кашкарды, / Турпан, Комул буларды, / Лопнур, Азык аларды, / Өзүбекти жоготуп, / Биз кылмакпыз каранды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колун сунуп кол артып, / Көзүн ачып сөз артып, / Табышып элге боло элек, / Акылы келип ордуна, / Он сегизге толо элек, / Жоготолу жаш кезде, / Баш көтөртпөй тебээлеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коросондун калаасын, / Койбой баарын аралап, / Табалбады Кененим, / Туш- тушка киши чаптырып, / Дабытайды ким тапса, / Баашалыгым берем деп, / Тактайга катты жаздырып, / Такыр дайнын таппады, / Дабытайдын жээн-тайын, / Жеп жоготту бүт баарын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тайторуну суратып, / Сейитектен ала албай, / Түбүн түрүп кеп угуп, / Семетей келди деп угуп, / Жоготойун барып деп, / Жетимиш миң кол айдап, / Жүрдү капыр удургуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кайратың качып не болдуң / Намысың кайда жоготтуң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →