жогору

китептерде 34 жолу, 3 китепте
  1. Өйдө, бийик.
  2. Жердин, суунун ж.б. баш жагын, өйдө жагын, төр жагын белгилөөдө колдонулат.
  3. Кымбат, башкалардан өйдө, мыкты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бере турган тартууну, / Мен айтамын бирме-бир, / Келинден жүз, уулдан жүз, / Сумбаттуу болот, сөөгү түз, / Кыз сулуусу жүз болот, / Үч жүз болду санаты, / Жогоруда айтылган, / Алар олжоң мана бу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Сайдан көтөрүп алып дагы жогору чыгат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мына мында тердигин салпактатып, жаман ээри менен бир ат качып келип, ушул коруктун дарбазасынан чыгып алып, жогору карай салды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түлкү куйругун буландатып, тумшугун жогору көтөрүп: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Бул чуңкурдун ичине учун жогору каратып, эки шиш темир кактырат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →