жогорку
- Бийик турган, өйдө жактагы, төмөнтөн алганда жогору жактагы (тик, бийик турган багытка карата).
- Төмөнкү тарапка карама-каршы (узунунан болгон багытка карата).
- Даражасы, укугу, деңгээли ж.б. белгилери жагынан жогору турган.
- Ички өзгөчөлүктөрү, сапаты ж.б. жагынан башкаларынан айырмасы артыкча, өзгөчө, эң мыкты.
- Эң көп, мол.
- Мурда айтылган, мурда белгилүү болгон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ат сураса, айтылар, / Бирөөнүн кызын сураса, / Бирөөнүн атын сураса, / Бирөөнүн кушун сураса, / Куйулушуп айтылган, / Кулакка сонун жагымдуу, / Жогоркудай кептер бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Бурмаке жогорку жакшылыгын, балага чын ниети менен айткан жок — амалсыздан.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Большевикти жогоркудай түшүндүрүп, азгырып алдап жатып өгүздөрү менен бирге бирин-серин кедейлерди да жөнөткөнү болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Экинчи күнү экинчи вазирин чакыртып, хан жогорку сөзүн кайталайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Кыз дагы жогоркудай жооп берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →