жогол

китептерде 320 жолу, 10 китепте
  1. Көрүнүп, билинип, сезилип турган кандайдыр бир нерсе жок болуп кетүү, көрүнбөй, табылбай калуу.
  2. Изи, шишиги ж.б. белгилери өчүү, тарап жок болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Башбагып жерден коройуп, / Тизе бойу көрүнүп, / Нечени чыкты соройуп, / Түбү менен өнгөн чий, / Карарып калды торойуп, / Кээ бир таштар көмүлүп, / Жерге кирди жоголуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бейжиндеги урушта, / Жоголуп Чубак кеткенде, / Ыйлаган Манас деп угам, / Атасы Чубак арбагы, / Ыраазы болсун биздерден, / Сабыр кыл, Чүрөк, деп турам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бузбайлы мунун көркүн — деп, / Албайлы бойдун бөркүн» — деп, / Хан Кыйаз айтып болгунча, / Көйкөлө түшүп Семетей, / Коргошундай жылт этип, / Кайып болуп жоголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →