жобура
- Кобурап сүйлөй берүү, бабырап көп сүйлөө, майдалап сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анда Асыл эр айтат, / Айкөл Манас тукуму, / Тартынбай турган шер айтат: / — Коросон, испан, жедигер, / Үч урук эли келдиңер, / Баарыңарды башкарган, / Көкбөрү экен билгиңер, / Жобурап мында турбастан, / Көкбөрүгө баргыла, / Хан Каракөз жиберген, / Кабарын андан алгыла, / Көкбөрү деген бийиңе, / Менден айта баргыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жандай түшүп Субатай, / Жайын айтты кобурап, / Мадыбек көргөн кордукту, / Баарын айтты жобурап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эсендик сурап жобурап, / Жакып турат кобурап, / Карагысы келбестен, / Карахан турат кулжуңдап, / Кулжуңуна койобу, / Бай Жакып жолун тороду: / — Атайылап алыстан, / Алдыңа келдим, Карахан, / Айтканыма кулак сал, / Алдыңа келген жумуш бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жок сөздү айтып жобурап, / Жоодон коркуп калгансып, / Ушул жерде турбайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Дыйкан жыландын аты ушул болуп калбасын деп болжогон сөздөрүн жобурап улантат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →