жоболоңдуу
- Тополоңдуу, дүрбөлөңдүү, чыр-чатактуу, жаңжалдуу, жаман жоруктары бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Как ыргайга саптаган, / Пил терисин каптаган, / Жерден өөдө кыла албай, / Көп кишилер көгөргөн, / Жортуул күнү болгондо, / Жоболоңдуу Ажыбай, / Кокуйлап жүрүп өңөргөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Бул жоболоңдуу чал эле, / Жолтоосу кыйла бар эле, / Жоголуп кокус кетер, — деп, / Жолтоосу мага жетер, — деп, / Калабалуу чал эле, / Калбасы кыйла бар эле, / Качып кокус кете…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жоболоңдуу чоң алптын, / Баласы элем мен өзүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жоону алса ким алды, / Жоболоңдуу каңгайды / Сайып кыргыз эл алды, / Душманды алса ким алды, / Согушкан кыргыз эл алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Арзандык менен Калдуубет, / Жемирилип бербейт, — деп, / Жонунун жоору бүтө элек, / Чогулуп үйгө түшө элек, / Жолоочу жүргөн кезинде, / Жолугуп ага жетейин, / Жоболоңдуу Калдуубет / Жолукса башын кесейин, / Бадана тонун чечейин, / Тулпарын алып олжого, / Минер атка жетейин”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →