жоболоң

китептерде 9 жолу, 2 китепте
  1. Тополоң, дүрбөлөң, чыр-чатак, коогалаңдуу окуя.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Туш-тарапка бир карап, / Көтөрүп тумшук жыт бурап, / Жоболоң тартып оштонуп, / Жолборсум турду зыңгырап, / Куйругу жерди токмоктоп, / Токтоно албай омсоңдоп, / Жолборсум турду күркүрөп, / Дөбө турду дүңгүрөп, / Төрт тараптан айбанат, / Түрүлүп келди дүркүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Букарлыктан эмессиз, / Буруп айтпас бекенсиз, / Жоболоң тартып бул жерге, / Жумуштап эмне келгенсиз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жолу күнү болгондо, / Жоболоңду Ажыбай, / Кокуйлап жүрүп өңөргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жоолуу күнү болгондо, / Жоболоңдуу Ажыбай, / Өңөрө албай кокуйлап, / Кабылан Манас барында, / Кайран баатыр Ажыбай, / Жоболоңун көп тарткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жоболоң салбай темтеңдеп, / Жолдоку элден, сурап кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →