жобо1
- Белгилүү бир маселе боюнча эрежелердин, закондордун жыйындысы, аткарылыш, чечилиш тартиби белгиленген негизги эрежелер, көрсөтмөлөр.
- Кандайдыр бир нерсенин, түзүлүштүн ж.б. болжолдуу долбоору, жоромолдонгон кебетеси, элеси, болжолу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анда Кыйаз алайып, / Эки жагын каранып: / — Балаңды багып ал дейсин, / Жыттайын десем бербейсиң, / Мен кетемин жериме, / Жоботуңду бер дейсиң, / Кандайча айткан кебиң бул?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ар кандай ишке арзданып, / Макулдун жоктур жобобу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →