жире

китептерде 18 жолу, 6 китепте
  1. Улам арылатып сүрүү, түртүү (мисалы, сойгон малдын терисин).
  2. Илгери карай, алдыга карай жара жүрүү, тиле жүрүү (мис. суу, аба ж.б. тоскоолдуктарды).
  3. Ортосун как жарып алдыга карай аралай өтүү, кирүү.
  4. Бирөөнүн сөзүн андан ары карай улантып, коштоп кетүү, күчөтө, ашыра сүрөп жиберүү, алып жүрүп кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Майданга келди далбаңдап, / Жерге тийип кум жиреп, / Эки буту салбаңдап, / Ажал алып жакадан, / Токтоно албай калдаңдап, / Черчендеги Жагалмай, / Кетиркейден жооп сурап, / Бекбачага айтпай деп, / Хан Кетиркей уйалат, / Падыша карап турганда, / Башкасы кандай кеп кылат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көөдөндөрүн тирешип, / Буттары жерди жирешип, / Булкуп- силкип имерип, / Так көтөрүп аларда, / Салмагын жерге салганда, / Тизеден жерге малынып, / Жер чыдабай жарылып, / Топурак учуп, тоз учуп, / Тунарыкт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Найза келип тиерде, / Таамай жиреп кирерде, / Абалтадан кабелтең, / Адис болгон абакең, / Келе жаткан найзаны, / Балта менен какканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бедесине карасаң, / Ат боорунан жиреген, / Жарылып тулаң булаган, / Жылгадан суусу куйулган, / Жыттаса жыты бураган, / Өрүгү чирип көк болгон, / Өзөнү булак саз болгон, / Булагы менен көлүнө, / Өрдөк менен каз толгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көзүңдү чукуп ойомун, / Бооруңдан жиреп сойомун, / Сен колдуу болгон жумушту, / Таштын бетин ойдуруп, / Кат жасатып койомун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →