жип1

китептерде 57 жолу, 10 китепте жип 2 →
  1. Жүндөн, кебезден, кендирден жана башка булалардан жасалып, токуу, тигүү, сайма саюу сыяктуу иштерде колдонулуучу, керектөөгө жараша ар кандай жоондукта ийрилген зат.
  2. Оңойдур мындан көрө караңгыда, Ийненин көзүн көрүп жип өткөзгөн (Үмөталиев).
  3. Эшилген же чыйратылган боо, мал байлоого, аркандоого, бир нерсени таңууга боло турган ар кандай көтөрмөнүн, шпагаттын, аркандын жалпы аты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эшкен чеге жип болсо, / Алып келгин алдыма, / Жамбашыман катуурак, / Өткөндө жакшы уктаймын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…уш бар, / Барыдан мүшкүл бир иш бар, / Аркандап келген айым бар, / Айтышып койгон жайым бар, / Күрмөшүп келген күнүм бар, / Күүгүм болжор түнүм бар, / Күрмөөсү жиптин чечилер, / Көк жалга барсам кечигип, / Күнөөмдү кайдан кечирер? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Тамдын бурчунда, Бурмакенин ийрип бүтпөй калтырган жипшууларын кармалап, үшкүрүп Жанымжан отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Карчыга жамбыны саландата байлап койгон жибин үзө атат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →