жинди
- Акылынан ажыраган, психикалык жагынан акыл-эси нормалдуу абалда эмес.
- Эси жогураак экендигин, шайкелеңдигин, ороскөөл мамилелерин ж.б. жактарын, белгилей көрсөтүү менен жактырбагандыгын билдирип, тилдөө, жемелөө, кагажытуу маанисинде, кагуу, тыюу максатында, кээде эркелетүү иретинде бирөөлөрдү атоодо же бирөөгө карата кайрылууда колдонулат.
- Бууракандаган, чамынган, буркан-шаркан түшкөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эри жинди кармасам, / Катынын анын таба алам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тааныбай казак Торгой, деп, / Жинди болду бой-бой!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Апы, Напы баштаган, / Алтымыш барсың сыйкырчы, / Бөлүнүп четте калыңар, / Манас менен келгенге, / Мени билбес жинди элге, / Сыйкырды чындап салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Бакай кеп айтат: / — Эрежеде экиге / Сурак жок, балдар, билгиле, / Жаш бала менен жиндиге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кан ичме жинди Семетей, / Хан кадырын билбеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →