жинден
- Жинди болуу, акылынан адашуу.
- Катуу ачуулануу, каарын төгүү, буркан-шаркан түшүү.
- Барган сайын улам күч алуу, катуу боло баштоо, күчөө (көбүнчө табигаттын күчтөрүнө карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жинден аскер чакырып, / Нурзатты жакшы кайтар деп, / Сакчы койгон Татылда, / Жиндер курчап калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Канчыктан айла кеткенде, / Алкымдап ажал жеткенде, / Чыдай албай жинденип, / Тапан ханды өлтүрөт, / Өзөгүнөн өрт күйөт, / Ичинен кызыл кан жүрөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →