жин1
- дин. Адамдарга ар кандай зыян келтире турган, табигый күчтөрдөн тышкаркы мифтик күч.
- этн. Диний түшүнүк боюнча: ээлигип, өзүн-өзү унутуу даражасына жеткен абалга алып келүүчү кара күчтөр (бакшыларга карата).
- Оору, психикалык жактан оорулуулук.
- Ачуу, каар, кыжыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…рди, / Көрүп көргөн башкадан, / Жетини алып келтирди, / Түндүккө желек байлады, / Байланган желек жети түр: / — Жети бакшы үйгө кир, / Айгай салып бакыр деп, / Жин перини чакыр деп, / Жин баашасы Жылызы, / Алдырып келгин азыр деп, / Кызылкыз турду тостойуп, / Жылызды чакыр дегенде, / Бакшынын баары мостойуп: / — Айталбайб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кылчайып кайра тарталбай, / А деп кебин айталбай, / Жин тийгендей сулады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жекелеп келген Талана: / — Жекеге келдим мен сага, / Жиним келип козголдум, / Табылбайт бүгүн саа даба.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кааладым, келдим диниңди, / Хан Манас экөөң бирикчи, / Кагамын деген жиниңди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чөпкө жини түшпөсүн, / Чөп убалын кантебиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →