жиликте

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Союлган малдын этин жиликжилик кылып ажыратуу, биринин этин бирине ооштурбай жиги менен бөлүштүрүү, балталап чаап бөлбөстөн, мүчөлөп бөлүү, казанга салууга даярдап бузуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кастап алды балтаны, / Эсен калган жагына, / Кар жиликке чапканы, / Кар жиликтен тайгылып, / Балта тийди шакшакка, / Сол колунун шакшагы, / Талкаланып кыйрады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күң жиликтен үзүлүп, / Сурмерген колу чолойду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кар жиликтен кан агып, / Балтасы түшүп шаңк этип, / Өлбөгөн тирүү жан калып, / Кайра кирсе Кененим, / Өлөмүн деп саргарып, / Качмакчы болду кар нээт, / Эбин тапса жанды алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Балтага найза тийгенде, / Кармаган колу Уушаңдын, / Кар жиликтен туура эле, / Үзүлүп кете жаздады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Булардын ичиндеги урууларын жиликтеп сурап калчу болсо бирин айтып берер чамам жок эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →